07.12.2018 11:19

«Түндүкэлектр» ишканасы абоненттерге 34 күнгө эсеп-дүмүрчөк чыгып келгени тууралуу түшүндүрмө берди

«Түндүкэлектр» ишканасы абоненттерге  34 күнгө эсеп-дүмүрчөк чыгып келгени тууралуу түшүндүрмө берди

«Түндүкэлектр» ишканасы Бишкек тургундарына 34 күнгө эсеп-дүмүрчөк чыгып келгени тууралуу түшүндүрмө берди.  Алардын маалыматына караганда, мунун объективдүү себеби бар.

Маалыматка караганда, өкмөт токтомуна ылайык,  7-11-ноябрга чейин эс алуу күндөрү болду.  Буга байланыштуу «Түндүкэлектр» ААКнын пландаштырылган иштери, анын ичинде эсеп приборлордун көрсөтмөлөрүн алуу графиги жылдырылды.  Ошондуктан, Бишкек шаарындагы «Түндүкэлектр» ААК абоненттеринин эсеп-дүмүрчөктөрүндөгү эсептөө мөөнөтү 34 күндү түздү. 

«Аны менен бирге, социалдык ченем менен каралган тариф (0,77 тыйын) менен эсептелген электр энергия көлөмү 782,47 кВт.саатты түздү. Эгерде эсептөө мөөнөтү 30 күндү түзсө, 0,77 тыйын менен эсептелген электр энергия көлөмү 690 кВт.саат болмок. Жалпысынан, социалдык ченем менен каралган тарифтин нормасы боюнча бир жылга 8400 кВт.саат каралган. Бир айга социалдык ченем менен каралган тарифтин нормасы абоненттин күнүмдүк керектөөсүнүн негизинде эсеп жүргүзөт, ал 23.0137 кВт саатты түзөт», -деп жазылат маалыматта.

700 кВт.саат * 12 ай. =8 400 кВт.саат/ 365күн =23.0137 кВт.саат

Ошондой эле, эсеп приборлордун көрсөтмөлөрүн алуу графигине байланыштуу абоненттин эсептөө мөөнөтү календардык айдан азыраак же көбүрөөк болушу мүмкүн экени айтылат. Мисалга, абоненттин орточо эсептеги күнүмдүк керектөөсүн 23.0137 кВт саатты 34 күнгө көбөйтүү (так абоненттин эсептөө мөөнөтү) менен белгиленген эсептөө мөөнөтүнө каралган электр энергиянын социалдык ченемин алабыз -  782,47 . Бул электр энергиянын көлөмү 0,77 сомдон эсептелинет:

 23.0137 кВт саат * 34 күн =782,47 кВт саат

Колдонулган электр энергиянын төлөмдөрүнүн суммасын «Түндүкэлектр» ишканасынын сайтынан эсептөөгө мүмкүн. Турмуш-тиричилик абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында бөлүштүрүү компаниянын www. se.kg сайтында «Калькулятор» онлайн-сервиси иштөөдө. Бул үчүн керектүү графаларды толтуруп  «эсептөө» функциясын басуу зарыл.